SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Кытай өлкөсүндө билим алып жаткан Бегимай Манапбаева болмокчу. Ал учурда Кытайдын Цзянсу провинциясынын Сючжоу шаарында тил курсу боюнча билим алып жаткан кези. Билимин чет өлкөдө улантып жүргөн Бегимай менен маек куруп, ал жактын билим берүү системасына, жашоо-турмушуна кызыгып көрдүк.
Бегимай Манапбаева 2005-жылы 23-январда Бишкек шаарында туулган. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы мектепти аяктаган. Андан кийин 2021-жылы Бишкек шаарына келип, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик коллежине тапшырып, 2024-жылы котормочу адистиги боюнча окуусун ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы Кытайга тил курсуна тапшырып, учурда кытай тилин үйрөнүп жаткан чагы.
- Бегимай, саламатсыңбы? Учурда Кытай өлкөсүндө билим алып жаткан экенсиң, окууң тууралуу маалымат берип өтсөң. Эмне үчүн ал өлкөдө билим алууну тандадың?
- Саламатсызбы? Бала кезимден баштап эле чет тилдерге өзгөчө кызыгуум бар болчу. Ар дайым ар кандай тилдерди үйрөнүп, башка маданияттарды таанып-билүүгө ынтызар элем. Бул кызыгуу менин келечектеги кесибимди тандоомо да себеп болду. Учурда Кытай өлкөсүндө билим алып жатам. Буюрса, ушул жылдын июль айында окуп жаткан тил курсумду аяктап, андан соң Кытайдагы жогорку окуу жайлардын бирине бакалавр программасына тапшырганы жатам. Билим жолунда ушул даражага жетишиме эң чоң салымын кошкон адам – апам. Ал ар дайым мени колдоп, дем берип, күч-кубат берип турат. Апакемдин мээнети жана ишеними болбосо, бүгүнкү күндө мен бул жетишкендиктерге жетмек эмесмин. Анын ар бир кеңеши мен үчүн жол көрсөтүүчү чырак сыяктуу.
Мен алган билимимди башкалар менен бөлүшүп, өзгөчө тил үйрөнгүсү келген жаштарга жардам берүүнү эңсейм. Билим бөлүшкөн сайын көбөйгөн байлык. Келечекте билимим менен өз өлкөмдүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, элиме кызмат кылган кыздардын бири болом деп ишенем. Ар бир адам аракет кылса, тилеген ой-максатына сөзсүз жетет деп ишенем.
- Негизи кытай тили үйрөнүүгө өтө оор тил дешет, эмне үчүн бул тилди тандагансың?
- Ооба, кытай тили дүйнөдөгү эң татаал тилдердин бири деп эсептелет. Бирок мен үчүн бул татаалдык тоскоолдук эмес, тескерисинче, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги болду. Чындыгында, кытай тилин үйрөнүү оңой эмес. Андагы иероглифтерди жаттоо, төрт түрдү тонду өздөштүрүү, грамматикалык өзгөчөлүктөр мунун баары чыдамкайлыкты жана үзүрлүү эмгекти талап кылат. Кытай тилин тандоомдун башкы себеби – ал тилдин келечектүүлүгү. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөлүк экономиканын алдыңкы катарында турат жана көптөгөн өлкөлөр менен кызматташтык жүргүзүүдө. Кытай тилин билген адам үчүн дүйнөлүк деңгээлде билим алуу, иштөө жана байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң. Мындан тышкары мен бала кезимден эле тил үйрөнүүгө кызыкчумун. Жаңы тилди үйрөнүү: жаңы дүйнө, жаңы маданият, жаңы ой жүгүртүү. Кытай тилин үйрөнүү аркылуу мен өзүмдү сынадым десем болот, анткени ал сабырдуулукту, туруктуулукту, тырышчаактыкты талап кылат.
Бул тил аркылуу мен келечекте эл аралык байланыштарда, котормо тармагында же билим берүү чөйрөсүндө кесиптик ишмердүүлүгүмдү улантууну кыялданам. Ал эми азыркы басып өткөн жолум келечекке болгон ишенимимди бекемдеп, башка жаштарга да үлгү болот деп ойлойм.
Ар бир адамдын жүрөгүндө каалоосу, жана алдыга койгон чыныгы максаты болсо эч нерсе ага тоскоол боло албайт. Тил үйрөнүү, билим алуу, чоң максаттарга жетүү үчүн эң негизгиси чечкиндүү болуу жана баштаган ишти таштап койбоо зарыл. Албетте, башында кыйын болот, өзгөчө жаңы тил үйрөнүп жатканда түшүнүксүз нерселер көп болот. Бирок сен чын жүрөктөн берилип, аракет менен окусаң сөзсүз түрдө ийгиликке жетесиң. Убакыт өтүп бир күнү артка кылчайып караганда, ошол кыйынчылыктар сени өстүргөнүн түшүнөсүң.
- Ал жактагы билим алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берсең, бизден бир топ эле айырмаланган эмнелерди байкадың?
- Биринчи байкаган өзгөчөлүгүм – тартип жана жоопкерчиликке болгон өзгөчө көңүл. Бул жактагы студенттер сабакка так, убактысында келип, ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарышат. Мугалимдер да талапты өтө катуу коюшат, ошол эле учурда ар дайым жардам берип, ар бир студент менен өзүнчө иштөөгө аракет кылышат.
Бул жакта билим алуу атаандаштык эмес, өзүңдү өнүктүрүү жолундагы үзгүлтүксүз процесс катары кабыл алынат. Студенттер бири-бирине жардам берип, чогуу ийгиликке жетүүгө умтулушат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу көрүнүш болду. Мындан тышкары кытай маданиятындагы эмгекчилдик, тырышчаактык, убакытты туура пайдалануу мунун баары окуу системасына да таасир этет экен. Мага башында көнүп, аралашып кетүү оңой болгон жок. Бирок азыр мен дагы ушул тартипке, бул жактагы ыкмаларга көнүп кеттим. Кыскасы, Кытайдагы билим берүү системасы ой жүгүртүүмдү, жоопкерчилигимди өзгөрттү, убакытты баалоону үйрөттү. Бул тажрыйба келечекте мекенимдин өнүгүшүнө кошо турган салымыма өтө чоң пайдасын берет деп ишенем.
- Бул жылкы окуу жылын аяктоо алдында турабыз, мектепти бүтүп жаткан окуучуларга, сен сыяктуу чет өлкөдө окугусу келгендерге кеп-кеңештериңди айта кетсең. Кесип тандоодо эң биринчи эмнелерге көңүл буруу керек?
- Бул жылкы окуу жылы да акырындык менен аяктап, миңдеген бүтүрүүчүлөр жаңы турмушка, жаңы баскычка аттанып жатышат. Мен дагы ошол жолду басып өткөн кыз катары, айрыкча чет өлкөдө окугусу келген жаштарга бир нече кеңештеримди бөлүшкүм келет. Эң алгач кыялдануудан жана чоң максаттарды коюудан эч качан коркпогула демекмин. Эгер чет өлкөдө окугуңар келсе, өзүңөргө ишенип, ал жолдо тынымсыз аракет кылгыла. Албетте, башында кыйын болот, бирок чын дилден берилсең, баарын жеңесиңер.
Анан дагы тил үйрөнүүдөн эч качан качпагыла дейт элем. Чет өлкөдө билим алуунун негизги ачкычы – тил да. Ал эми кесип тандоо тууралуу айтсам, эң биринчи өзүңөрдү уккула. Ким болгуң келет? Эмне менен алектенгенде өзүңдү бактылуу сезесиң? Ушул суроолорго жооп издеп көрүп, анан тандасаңар туура болот деп ойлойм. Башкалардын тандоосу менен же учурда мода болуп жаткан кесипти эмес, өзүңдүн кызыгууң, жөндөмүң бар кесипти тандасаң туура болот.
- Кытай өлкөсүндө окуудан тышкары дагы эмнелер менен алексиң? Ал жактын сени суктандырган жерлери менен бөлүшүп өтсөң.
- Бул жакта билим алуудан тышкары бир катар пайдалуу жана кызыктуу иштер менен алек болууга аракет кылам. Эртең менен окууга чейин же сабактан кийин көбүнчө китеп окуп, жаңы сөздөрдү жаттап, онлайн платформа аркылуу кошумча сабактарды угуп турам. Ашыкча убактым болгондо кытай маданияты менен тереңирээк таанышууну жакшы көрөм. Мындан сырткары кытай тамактарынын ар түрдүүлүгү да өзүнчө бир дүйнө. Башында даамдары кызыктай сезилчү, кийинчерээк кээ бир улуттук тамактарын суктануу менен жей баштадым. Бул жактагы жашоо мага дүйнөгө башка көз караш менен кароого үйрөттү. Ар бир күнүм жаңы ачылыштар, тажрыйбалар менен коштолууда десем болот.
- Азыр көп тил билсең ошончолук мүмкүнчүлүк ачылат эмеспи, тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды сунуштайт элең?
- Тил үйрөнүү үчүн эң биринчи чын жүрөктөн каалоо болуш керек. Эгер каалооң болсо, тоскоолдуктар маанисиз болуп калат. Кайсы тилге кызыксаң, ошол элдин тилин гана эмес, маданиятын, каада-салтын, турмушун да таанып-билген жакшы. Себеби тил жөн гана сөздөр эмес, бүтүндөй дүйнө, ой жүгүртүү, жашоо образы.
Жаңы тил үйрөнүп жаткандар тамгаларды жаттап бүткөндөн кийин ошол тилде кинолорду көрүп, музыка угуп, өз алдынча сүйлөшүүгө аракет кыла бериш керек. Кино, музыка, социалдык тармактар тилди сага жакындатат. Мисалы, мен кытай тилин үйрөнүп жатканда алардын сериалдарын көрүү, маданияты менен таанышуу, жандуу сүйлөшүүлөрүн угуу мага чоң жардам берди. Бул ыкма кайсы тил болбосун, натыйжалуу иштейт.
- Чет өлкөдө жашоонун кыйынчылыктары деле болсо керек, алардын маданиятына, жашоо турмушуна айкалышып кеткенге канча убакыт кетти?
- Чет өлкөдө жашоо чоң мүмкүнчүлүк, ошол эле учурда бир топ кыйынчылыктары дагы бар. Мен Кытайга жаңы келгенде тили, тамак-аштардагы айырмачылык, адамдардын өзгөчө мамилеси, маданият, мыйзам, күнүмдүк жашоо образы булардын баары башкача сезилет эле. Алгачкы айларда бардык нерсе жат болуп, “мен туура эле келдимби?” деген суроолор жаралчу. Бирок убакыт өтүп, чыдамдуулук менен аракет кыла берсең, көнүп калат экенсиң. Бул жактын жашоо шартына көнүү үчүн мага 3-4 ай кетти. Ал аралыктар тил үйрөнүү, жаңы досторду табуу, жашап жаткан айлана-чөйрө менен таанышуу, күнүмдүк жашоого ылайыкташуу менен өттү.
- Эми кытай эли, маданияты тууралуу дагы кеп кылсак... Ал жактын эли биздин өлкө жөнүндө эмнелерди билет экен?
- Чынын айтсам, көпчүлүк жөнөкөй жарандар биздин өлкө тууралуу көп маалыматка ээ эмес. Бирок мугалимдер, студенттер, саякатты жактырган адамдар биздин табият, Ысык-Көл, тоолорубуз жана кооз жаратылышыбыз тууралуу билишет. Кээ бирлеринде “Манас” эпосу, боз үй, кымыз тууралуу дагы маалыматтары бар. Кээде мага "Кыргызстан кайсы жакта?", "Силер дагы кытай иероглифин колдоносуңарбы?" деген сыяктуу суроолорду беришет. Ошондо аларга биздин тарыхты, тилибизди, маданиятыбызды айтып берип, сүрөттөр менен көрсөтүп түшүндүрөм. Алар кызыгуу менен угуп, таң калып, “силердин элиңердин бай маданияты бар экен” деп биздин маданиятка кызыгып калышат.
- Азаматсың! Билим жолуң байсалдуу болсун! Кызыктуу маек куруп, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөнүң үчүн чоң рахмат.