Бишкекте автоунаа артка жүрүп баратып сүзүп кеткен 2016-жылы туулган бала ар кандай дене жараттары менен ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, социалдык баракчаларга каргашалуу окуя боюнча видео тараган.
Милициянын айтымында, окуя 10-май күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан үйдүн короосунда катталган. Анда 2002-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу унааны артты көздөй айдап баратып 9 жаштагы баланы сүзүп алган.
Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Унаа айып короосуна киргизилген.