Бишкектеги турак үйлөрдүн биринин жанында артка жүрүп бара жаткан автоунаа баланы тебелеп кетти. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодон жолдун ортосунда турган эки баланы артка жылып бара жаткан унаа сүзүп кеткенин байкоого болот. Балдардын бири жолдун четине чыгууга үлгүргөн.
Милициянын кайгуул кызматы учурда бул кырсык боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.