Ош шаарындагы Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү жол өтмөгүнө жана айланасына түнкү жарыктандыруу системасы орнотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган көчөдө капиталдык оңдоо иштеринин алкагында эки деңгээлдүү жол өтмөктүн астыңкы жана үстүңкү бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары толук төшөлүп бүттү. Учурда тротуарларга таман таштар басылууда.
Айта кетсек, аталган жолдун курулушу өткөн жылдын июнь айларында
башталган.