Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Бүгүн,19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү. Бул туурасында мэриядан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, 2 нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Мэрия белгилегендей, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.

“Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат. Убактылуу ыңгайсыздактар үчүн шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан