"Жөө үйрөтпөдүңүзбү". Ош шаарынын мэринен унаа алган милициянын башчысы аны менен тамашалашты (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаковго Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды.

Токторбаев Исаковго орун басарларына да кызматтык унаалар берилип жатканын айтып, алардын мурунку Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалары менен тааныштырып, алардын эскилиги жеткенин айтты.

"Сиздин орун басарларыңыздын унааларын биздин балдар жапжаңы унаадай көрүп минбейби?" - деп тамашалады Исаков. Калаа башчысы ал унааларды бере албасын айтып, мэриянын бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөрүн билдирди. Анда шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы "сиз жөө жүргүзүп үйрөтүп койбодуңузбу" деп кайрадан тамашалады.

Токторбаев аталган унааларды достору демөөрчү болуп алып беришкенин белгиледи. Ал 4 орун басарына жана аппарат жетекчисине да унаа берди.

13.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан