Ош шаарынын мэри Токторбаев орун басарларына жаңы унааларды тапшырды (видео)

Бүгүн, 13-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматкерлерге демөөрчүлөр тарабынан алынган жаңы кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу калаа башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 6 жаңы кызматтык унаалар мэрдин 4 орун басарына, аппарат жетекчисине жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына берилген.

"Ал эми мэриянын карамагында буга чейин колдонууда турган унаалар ушул эле мекеменин шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, "Ош ТВ" телеканалы, "Ош шаардык жолдор" муниципалдык ишканасы, "Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу" муниципалдык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ортосунда бөлүштүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

13.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан