Франциянын борбору Париж шаарындагы ЮНЕСКО уюмунун башкы кеңсесинин залында кыргыз-казак эл аралык айтышы биринчи жолу өттү.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы аталган тарыхый маданий иш-чара ЮНЕСКО тарабынан расмий колдоого алынып, 300 орундуу залда жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Айтышка кыргыз тараптан 5, казак тараптан дагы 5 төкмө акын катышкан.
"Иш-чаранын башкы демилгечиси – коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, демөөрчүсү – Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев болду. Ага кыргыз тараптан парламент депутаты Мирлан Самыйкожо жана Казакстандын парламентинин өкүлдөрү да катышып, бул ири маданий саамалыкка саясий жана коомдук колдоо көрсөтүштү. Кыргыз акындарын Парижге Манас театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков жетектеп барды", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акындарга байгелер ыйгарылган.
Эске салсак, кечээ, 17-майда өлкөнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз социалдык тармактардагы баракчасына кыргыз акындары менен тамашалуу айтыш курган видеосун жарыялап, эл аралык айтыш ошол күнү болорун билдирген.