Парижде Садык Шер-Нияз кыргыз акындары менен тамашалуу айтыш курду (видео)

Өлкөнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз социалдык тармактардагы баракчасына Парижде кыргыз акындары менен тамашалуу айтыш курган видеосун жарыялады.

Ал бүгүн, 17-майда ЮНЕСКОдо казак-кыргыз эл аралык айтышы болорун белгиледи.

Видеодон Шер-Нияз алгач Азамат Болгонбаев менен айтыш курганын көрүүгө болот.

"Эй Азамат, айтыш фондду баштаганда биз

Аким болбой, акын болсок дечү элек.

Сен да бир аз көтөрүлүп, директор болдуң театрга..." - деди ал.

Анда Болгонбаев:

"Ээй, бир кезде Алымкул менен Эстекем депутат болгон маалында,

Бул акындардын, ой, доорунан.

Арстанбек дагы бий болгон,

Саке, аңтарсак тарых корунан.

Мен так директор болсом да,

Бап директор болсом да,

Тайбадым ырдын жолунан.

Ээй, төрөлүк дагы иш келет, Саке,

Төкмөлөрдүн дагы колунан", - деп жооп узатты.

Анда Садык "Оо, Амантай" деп Амантай Кутманалиевге кайрылып:

"Эстекем айткандай,

Ытымак жакшы – ырк жакшы,

Ырыскылуу журт жакшы.

Бүгүн казак-кыргыз арасын,

Сен кандай болуп жарасың?" - деди.

Кутманалиев:

"Казак-кыргыз баласы – бул

Каркыранын эки канаты.

Эстебес устат айткандай,

Илгертен ынтымак болгон санаты.

Бул – поезддин эки жолундай,

Адамдын эки колундай,

Ауэзовдун эки томундай", - деди.

Андан соң элчи башка акындар менен да кызыктуу айтыш курган.

Эске салсак, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Франциянын борбору Париж шаарында кыргыз-казак айтышы өтөрүн билдирген. Ал иш-чараны кесиптеши Шайырбек Ташиев өлкөнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен биргеликте уюштуруп жатканын белгилеген.

17.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан