Швеция полициясы Куран китеби өрттөлүүчү иш-чарага уруксат берди

Швециянын түштүгүндөгү Йёнчёпинг шаарынын полициясы ушул аптанын дем алыш күндөрү Куран китеби өрттөлүүчү иш-чара өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Jönköpings-Posten гезити жазып чыкты.

"Биз коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык иштерди көрөбүз. Ошондо сөз эркиндиги ишенимдүү корголот. Эгер окуя болгон жерде кылмыш деп эсептеле турган бир нерсе болсо, биз, албетте, протокол түзөбүз", - деген шаар полициясынын башчысынын милдетин аткаруучу Мария Виберг.

Демонстрация өткөрүү үчүн арыз жеке адам тарабынан берилген.

Белгилей кетсек, Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулуп, аны ишке ашыргандардын бири каза тапкан, ал теги ирактык Момика болгон. 2023-жылы жайында Стокгольмдун 4 жеринде мусулмандардын ыйык китебинин өрттөлүшү боюнча прокуратура ага карата "Улуттук белгидеги кастыкты козуткан" деген айып таккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-05-20 18:41:00
Тазза эле артистко булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан