Издөөдө жүргөн блогер Гусейн Гасанов жаңы көйгөйгө кабылды

"Инсайт люди" продюсердик агенттиги белгилүү орусиялык блогер Гусейн Гасановго каршы 21 миллион рубль доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Арбитраждык сотко арыз апрель айынын аягында түшкөн. Адегенде судья мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияларды бербегендиктен доогер тарапка арызы кайтарылып берилген. Доо арыз кайра 15-майда кабыл алынган. Блогерге каршы арыздын жазылышына акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимдеги милдеттенмелерин аткарбагандыгы себеп болгон. Дооматтын толук чоо-жайы азырынча белгисиз.

Ишти кароо боюнча соттук отурум 2-июлга белгиленген.

Эске салсак, 14-майда Гусейн Гасановго салык төлөөдөн качкан деген негизде издөө жарыяланганы маалым болгон. Ал болжолдуу Азербайжанда экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан