Блогер Гусейн Гасанов ага издөө жарыялангандыгы тууралуу маалыматка үн катты 

Орусиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов "эл аралык издөөгө алынып, сыртынан камакка алынды" деген маалыматтарга жооп берди. Бул тууралуу блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырды.

"Мен жаңылыктарды окудум. Ооба, сырттан камакка алынды деген катуу угулат экен. Бирок чындыгында баары анчалык эмес. Бардык салык маселелери былтыр жабылган. Учурда менин жактоочум бул иш боюнча иш алып барууда. Баарын тактап, чекит коёбуз.

ЖМКлар "салык төлөөдөн качыптыр" деп жазып жатышат. Бирок мен 320 миллион рубль өлчөмүндө салык төлөгөм. Бирөөгө аң казсаң, өзүңүз түшөсүң", - деп жазган блогер.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-майда орус басылмалары Гусейн Гасановго издөө жарыяланып, ал Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасындагы издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилгени тууралуу жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан