Депутат: "TikTok 20-30 кишинин айынан эле жабылып калыптыр"

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев өлкөдө TikTok социалдык тармагына киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады.

Анын айтымында, аталган социалдык түйүндүн зыянынан пайдасы көп болгон.

"TikTok 20-30 кишинин айынан эле жабылып калыптыр. Ошолор түз эфирде отуруп алып жаман сөздөрдү айтканы үчүн. Бирок мунун зыяны бир нече адамдарга тийип жатат. Себеби TikTok аркылуу көп адамдар соодасын жүргүзөт, аймактарга каттаган таксисттер кардарларын ошол аркылуу табышат, ошондой эле кызмат көрсөтүү тармагы да TikTok менен тиричилигин кылышат", - деди ал.

Белгилей кетсек, былтыр 19-апрелде өлкөдө TikTok маалымат кызматына кирүү толугу менен бөгөттөлгөн.

20.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан