"Балдар үчүн негативдүү контенттерге нааразычылыктар түшкөн". Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө бөгөттөлдү

Кыргызстандын аймагында TikTok маалымат кызматына кирүү толугу менен чектелди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.

Маалымдалгандай, мындай чечим Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде кабыл алынган.

Ага ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан байланыш операторлорунун дарегине аталган сервистин жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө кат жөнөтүлгөн.

"Чечимдин кабыл алынышына аталган сервистин “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын 2-1-беренесинде көрсөтүлгөн талаптардын аткарбагандыгы негиз болгон. Анда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү аныкталган",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылы балдар үчүн негативдүү контенттерге нааразычылыктар түшкөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул тармакты жабуу боюнча кадамдар жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан