Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Анда документ боюнча депутаттар арасында чоң талкуу жүрдү. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу каршы болгон эл өкүлдөрүн мыйзамдын концепциясын колдоп коюуга чакырып, аларга документке өзгөртүү киргизүү сунуштары болсо жазуу түрүндө берүүгө кеңеш берди.
Депутат Эрулан Кокулов концепциясын колдогондон кийин сунуштар кабыл алынбай калат деген кооптонуусун билдирди. Ал шайлоо мыйзамында да ушундай болгонун белгиледи. Ошондой эле Кокулов спикерге кайрылып, депутаттардын кол тийбестик укугун коргоп берүүнү суранды.
"Бизде мындай кол тийбестик барбы? Кесиптештер, бул укук силерге иштеп жатабы? А мага иштебей эле. Бир жерге барсаң киргизбейт, бутуңа чейин текшерет. Спикер менен чогуу өтүп калсаңар байпакка чейин чечип калып жатасыңар. Азыр депутатта кол тийбестик жок... Сиз спикер катары укугубузду коргоп беришиңиз керек. Министрлер кабинети "депутаттарды кабыл албагыла" дегенге чейин барыптырсыңар. Бул эмне деген шумдук? Азыр эми менден "кыргыз тили боюнча экзамен алам" деп жатасыңар", - деди ал.
Ошондой эле Кокулов кыргыз тилин аталган мыйзамсыз деле өнүктүрсө болот деген пикирин айтты.
Жыйынтыгында каралып жаткан мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынды.