Жогорку Кеңеш кыргыз тилине тийиштүү мыйзам долбоорун 1-окууда талаш-тартыш менен кабыл алды

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Алгач парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды аталган документти талкуусуз кабыл алып берүүгө чакырды. Ал Кыргызстанда жашап, иштеп жаткандар кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Бирок спикердин сунушуна карабастан жыйында талкуу күч болду.

Эл өкүлү Бактыбек Сыдыков мамлекеттик тилге болгон саясат системдүү жүргүзүлүшү керек деген пикирин айтты. Ал мамлекеттик тилди талап кылуудан мурун кыргыз тилин окуу жайларда жеткиликтүү окутуу керектигин белгилеп, куру патриоттуулук натыйжа бербестигин айтты.

Кесиптешинин пикирин Балбак Түлөбаев колдоого алып, мыйзамды алып келген өкмөттү сынга алды. Ал өлкөдө башка улуттун дагы өкүлдөрү жашарын белгилеп, аларга карата чектөө болуп калат деген кооптонуусун билдирди. Ошондой эле сунушталган мыйзамды "кыргыз элине жасалган кыянаттык" деп баалады. Мыйзамды дагы бир катар эл өкүлдөрү сынга алышып, алар негизинен мыйзамга эмес, андагы чектөөлөрдү жарата турган айрым нормаларга каршы экендиктерин айтышты. Элвира Сурабалдиева жүргүзүлүп жаткан тил саясатына коомчулукта нааразычылыктар бар экенин билдирди.

Талкууда долбоорду сындаган кесиптештерине нааразы болгон депутаттар да болду. Жанар Акаев айрым эл өкүлдөрү мыйзамдагы нормаларды чаташтырып жатканын белгилеп, анда кайсы бир тилге болгон чектөө жок экенин айтты. Ал дүйнөдөгү өлкөлөр өз тили үчүн күрөшүп жатышканда, Кыргызстанда дагы деле кулчулук аң-сезимден кутула албагандар башка өлкөлөргө жагынуу үчүн алардын саясатын жүргүзүп жатат деген айыптоосун айтты.

Мындан тышкары бир топ депутаттар аталган мыйзам керек экенин, өлкөдө кыргыз улутундагы жарандар басымдуу болгон кийин кыргыз тилине артыкчылык болушу керектигин белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добушка коюлуп, 1-окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан