Кечээ, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды аталган документти талкуусуз кабыл алып берүүгө чакырганына карабай, талкуу күч болду. Айрым депутаттардын айткандары коомчулукта да түрдүү пикирди пайда кылып, талкууга жем таштады.
Депутаттардын арасында аталган мыйзам керек экенин, өлкөдө кыргыз улутундагы жарандар басымдуу болгон кийин кыргыз тилине артыкчылык болушу керектигин белгилегендери да болду.