Спикер: "Эмне үчүн башкаларга жакшы көрүнөбүз деп тилибизди кордой беришибиз керек?"

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алып берүүгө чакырды.

"Башка улуттар бар, биз көп улуттуубуз" деп жүрүп мамлекеттик тилибиздин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Бардыгынан катуу талап кылышыбыз керек. Биз башкаларга "жакшы көрүнөбүз" деп популист болуп, "убактылуу упай топтойбуз" деп жүрүп мына ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп жатабы, кыргыз тилин билсин, сүйлөсүн! Бул жерде эч кандай кошоматчылыктын кажети жок. Сунушталган мыйзам долбоорун толугу менен колдошубуз керек...

Эмне үчүн башка элдер өздөрүнүн тилин коргоп жатышат? Керек болсо "бала бакчаларга чейин билсин" дешүүдө. А эмнеге биз бул жерде башкаларга жакшы көрүнүп коюп отурушубуз керек? Тилди жоготсок улут жоголот, улут жоголсо мамлекет жоголот", – деди ал.

Жогорку Кеңеш 21.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан