АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу еврей музейинин жанындагы Израил элчилигинин эки өкүлүнө кол салуу тууралуу билдирүү жасады.
“Вашингтондогу бул үрөй учурган киши өлтүрүүлөр — ачык эле жөөттөргө карата жек көрүүдөн улам болгон жана алар дароо токтотулушу керек. АКШда жек көрүүгө жана радикализмге орун жок”, — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
Ал ошондой эле кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Кабарлай кетсек, Вашингтондогу Столикалык еврей музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерине ок атылып каза болушканы маалымдалган. Көп өтпөй шектүү кармалганы айтылды.