Вашингтондогу Столикалык еврей музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерине ок атылып каза болушту. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм "Х" социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Израил элчилигинин эки кызматкери кечинде Вашингтондогу еврей музейинин жанында акылга сыйбаган жол менен өлтүрүлдү. Биз учурда бул ишти кылдат иликтеп жатабыз жана кошумча маалыматтарды тактап жатабыз", - деди Ноэм.
Министр мындан тышкары, кылмышты жасаган адам мыйзам алдында жооп берерин убада кылды.
Буга чейин ABC телеканалы эки адам АКШнын борборундагы еврей музейинин жанында атышуу учурунда каза болгонун кабарлаган.