Нарында кечээ кайталанган шамал үйлөрдүн чатырларын учурду

Нарын облусунда кечээ, 23-майда саат 17:50 чамасында ылдамдыгы секундасына 10-25 метрге чейин жеткен шамал катталып, үйлөргө залакасын тийгизди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, шамал Эки-Нарын айылында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп, электр чубалгылары үзүлгөн. Ошондой эле Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндөгү 2 турак үйдүн, Алты-Кашар тилкесиндеги 1 турак үйдүн, Ача-Кайыңды айылында 1 үйдүн чарбалык курулушунун чатырлары шамалдан улам жабыркады.
Белгиленгендей, учурда комиссия тарабынан такталууда. Кошумча маалымат берилет.
Айта кетсек, 18-майда болгон шамалдан Нарын облусу боюнча жалпы 30 турак үй, 43 сарай, 1 Маданият үйү, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо, 7 дубал, 1 цех жабыркагандыгы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан