
Бүгүн, 19-майда Ысык-Көл жана Нарын облустарында кечээ күнү катталган катуу шамалдан жабыркаган объектилердин алдын ала маалыматы берилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 5 көп кабаттуу үй, 217 жеке менчик үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркаган жана 139 бак кулаган. Ал эми Нарын облусу боюнча жалпы 30 турак үй, 43 сарай, 1 Маданият үйү, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, 1 цех жабыркаган.
Учурда эки облуста тең жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү тактоо ишин алып барууда. Кошумча маалымат бериле тургандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 18-майда аталган облустарда катуу шамал
болгон.