Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев үй камагына чыгарылды

Ош шаардык соту алдамчылык беренеси боюнча айыпталып жаткан Ош казысы Мирланбек Токтомушевди 18-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сот ден соолугунун абалын, туруктуу жашаган жери жана эки жашы жете элек баласы бар экенин эске алып тергөөчүнүн айыпталуучуну камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Ден соолугуна байланыштуу аны камакта кармоого мүмкүн эместиги тууралуу маалымкат берилген.

Белгиленгендей, Т.М.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-жана 4-бөлүмдөрү менен (кызмат абалынан пайдалануу, ири өлчөмдө алдамчылык) кылмыш иши козголду.

Айта кетсек, 22-майда Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушевди УКМК кармап кеткендиги маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан