Ош шаардык мусулмандар казыятынын башчысы Мирланбек Токтомушев күч түзүмдөрү тарабынан кармалды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Маалымдалгандай, иликтөө иш-чарасы ажылык сапарды уюштурууга байланышкан каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткандыгы айтылууда. Казынын кандай тиешеси бар экендиги расмий айтыла элек.
Ал эми шаардык казыят маалыматты ырастап, себебин билбей тургандыгын айткан.
Тийиштүү кызматтар аталган окуя боюнча маалымат берише элек.