Орусиялык блогер Дани Милохин Сигма каймана аты менен белгилүү болгон кыргыз блогери Арген Керимов беттешүүдөн качып жатканын айтып, бокс боюнча мелдеш болбой калуу коркунучунда экендигин билдирди.
Ал социалдык баракчасына жарыялаган билдирүүдө беттешке эки жума калганда Керимов жана анын командасы байланышка чыкпай жаткандыгын айтты.
"Жарым жыл мурун Арген менен бокс боюнча мелдешке чыгууга макулдашканбыз. Уюштуруучуларды таап, келишимдерди түзгөнбүз. Ошондон бери мен бош убактымды машыгууга жумшадым. Акчамды кетирип ар кайсы өлкөлөрдө машыгып жүрдүм. Жеке жашоомо көңүл бурбадым. Анын салмагына теңелүү үчүн диета кармап, 5 килограммга арыктадым. Беттешке эки жума калганда, кызыккандар биздин беттешке билет алып койгондо, арена даярдалганда, Арген жана анын менеджери байланышка чыкпай калышты. Мага келген ушактарга караганда, алар беттештен баш тартуу үчүн себеп таба албай убара экен.
Арген, эгер менден корккон болсоң, мага түз кайрылып, ал жөнүндө айт. Ар кандай ойлоп табылган себептердин кереги жок", - деп билдирген Милохин.
Ал эми Сигма азырынча бул билдирүүгө жооп бере элек.
Айта кетсек, эки блогер All Stars Boxing турниринин алкагында Алматыда жолугуша тургандыгы айтылган. Ал эми кыргыз блогери жакында эле казак ырчысын бокстан жеңип алган.