Сигма каймана аты менен белгилүү болгон кыргыз блогери Арген Керимов All Stars Boxing турниринин алкагында орусиялык блогер Дани Милохин менен күч сынашат.
Алардын беттеши 6-июнда “Алмата Аренада” орун алат. Эки блогердин бокс мелдешинин алдындагы көз караштар таймашы кечээ, 28-февралда өткөн.
Милохин 2024-жылдын февраль айында бокс боюнча дебют жасаган, Дубайда өткөн ALPHA FIGHT SERIES турниринде индиялык блогер Ажмал Ханды биринчи раундда нокаут менен жеңген.
Эске салсак, Милохин 2023-жылы Орусиядан Дубайга “аскерге чакыруу бериш керек” деген билдирүүдөн кийин чыгып кеткен.