"Крокустагы" терактта эрдик көрсөткөн кыргызстандык Ислам Орусияда дагы бир сыйлык алды (видео)

Красногорск шаарында 16 жаштагы кыргызстандык Ислам Халилов Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өрт учурундагы куткаруу үчүн" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Аталган сыйлык өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарда кайраттуулукту көрсөткөндөргө берилет.

Эске салсак, Халилов былтыр 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборунда болгон терактта 100дөн ашуун адамды куткарууга жардам көрсөткөн. Кыргызстандык өспүрүм кандуу окуядагы эрдиги үчүн Орусия муфтиятынын "Эмгектеги эмгеги үчүн" медалы жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Жабыр тарткандарды куткаргандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.

Ошондой эле ага Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Ардак грамотасы да тапшырылган. Ислам Халилов орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 16 жыл мурун Орусияга иштегени барган.

26.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан