Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" теракт учурунда адамдарды сактап калган үч өспүрүмдү “Жабыр тарткандарды куткаргандыгы үчүн” медалы менен сыйлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Жарлыкка ылайык, сыйлык Красногорск шаарынын мектеп окуучулары Ислам Халилов, Артём Донсков жана РАНХиГС колледжинин студенти Никита Ивановго тапшырылат.
Кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барган.
Ислам Халиловго бул кылган эрдиги үчүн буга чейин да көптөгөн сыйлыктар жана белектер тартууланган. Өспүрүм Орусияда баатырдык көрсөткөн экинчи кыргызстандык болуп калды.
Эске салсак, Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 140тан ашык адам каза болуп, 500дөн көбү жарадар болгон. Иштин алкагында 14 адам кармалып, анын 13ү камакка алынган.