Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койгонун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Башкармалык Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келгенин белгиледи. Ал 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген.
Эске салсак, 22-майда буга чейинки Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ош облустук соту ал "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирип, 18-июнга чейин үй камагына алынганын маалымдаган.