Милиция Турсунбек Акундун жаракат алуусу боюнча маалымат берди

"Кыргызстан Демократиялык кыймылынын" 35 жылдык маарекесине арналган иш-чараны укук коргоочу Турсунбек Акун уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Бишкектеги мейманканалардын биринде белгисиз адамдар айнекти сындырып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.

Иш-чаранын жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам мейманканада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, иш-чара убактылуу токтотулган. Турсунбек Акун нааразычылыгын билдирип, мейманкананын жетекчилигине дооматтарды айткан. Ал конференц-залдын эшигин ачууга аракет кылып жатып кокусунан эшиктин айнегин талкалап, сыныгынан жаракат алган.

Турсунбек Акундун юристи келишим шарттарынын бузулушу боюнча райондук башкармалыкка арыз жазганы маалыматта кошумчаланган.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочу Турсунбек Акун Бишкектеги мейманканалардын биринде өткөн "Кыргызстан Демократиялык кыймылынын" 35 жылдык мааракесинде жаракат алганын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан