Адам укуктарын коргоочу Турсунбек Акун Бишкектеги мейманканалардын биринде өткөн "Кыргызстан Демократиялык кыймылынын" 35 жылдык мааракесинде жаракат алды. Бул тууралуу жабырлануучунун социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, мейманкананын кызматкерлери атайылап жарыкты өчүрүп, иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан.
"Мейманкананын кызматкерлери эшикти катуу каккылап, натыйжада айнек сынып кетти. Турсунбек Акун колу жана башынан жаракат алды. Биз бул жерге майрамдык маанайда, элге шоро таратып, жакшы маанай тартуулоо максатында келгенбиз. Зал алдын ала сүйлөшүлүп, акысы да төлөнгөн. Биз салтанаттуу жыйын өткөрүүнү пландаганбыз, кофе-брейк да уюштурулмак", – деп билдиришти уюштуруучулар.
Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда.