Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунун португалиялык футболчусу Криштиану Роналду карьерасын "Аль-Хилялда" улантуу вариантын карап жатат.
Footmercato порталынын маалыматына караганда, "Аль-Наср" футболчуга 2025-жылдын жайында бүтө турган келишимин узартууну сунуштаган. Бирок Роналду 2025-жылы клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна команда менен катышуу мүмкүнчүлүгүнөн улам "Аль-Хилялга" өтүү вариантын да карап жатат.
Буга чейин Криштиану Роналду социалдык тармактагы баракчасында жакында командадан кетиши мүмкүн экенин билдирген пост жарыялаган.