Португалиялык белгилүү чабуулчу, Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду социалдык тармактагы баракчасында жакында командадан кетиши мүмкүн экенин билдирген пост жарыялады.
"Бул бөлүм аяктады. Тарыхпы? Дале жазылып жатат. Баарына ыраазымын", - деп жазган Роналду.
Анын командасы "Аль-Наср" 2024-2025-жылкы сезондо турнирдик таблицада 70 упай менен 3-орунду ээледи. Чемпион болгон "Аль-Иттихад" клубунан 13 упайга артта калышты. Роналду болсо 25 гол киргизип, мелдештин эң мыкты бомбардири болду.
Transfermarkt порталынын маалыматына караганда, чабуулчунун учурдагы баасы – 12 миллион евро. Анын "Аль-Наср" менен болгон келишими 2024-25-жылкы сезон аяктаганга чейин жарактуу.
Буга чейин Криштиану Роналду Африкадагы бир клубга өтүшү мүмкүн экени айтылган. Бирок кайсы команда экени жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу расмий маалымат азырынча жок.
Роналдунун билдирүүсү футбол күйөрмандары арасында чоң кызыгуу жаратып, анын кайсы клубда карьерасын улантары боюнча көптөгөн талкууларды жаратты.