Блогер Гүлзат Мамытбек катталуучуларына ыраазычылыгын айтты. Бул боюнча видеосу менен ал Инстаграмдагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Аябай көп куттуктоолор келди, баарыңарга рахмат. Менин катталуучуларым эң мыкты. Кызым экөөбүз тоодобуз. Ал блогерлик жашоого акырындан көнүп жатат. Мен билем, силер да дуба кылгансыңар, эми минтип кызым жанымда", - деп көзүнө жаш алган Мамытбек.
Эскерте кетсек, буга чейин Гүлзат Мамытбек 6 жылдан кийин жолдошу көрсөтпөй келген кызы менен жолукканын билдирген болчу.