Мотиватор, жеке ишкер Гүлзат Мамытбек 6 жылдан кийин жолдошу көрсөтпөй келген кызын кучактады. Ал социалдык баракчасынан бул кабар менен бөлүшүп, көз жашын тыя алган жок.
"Кыздар, үйүмө менин кызым келди. Мен аны 6 жыл күттүм. Күтүүсүздөн ал мага келди. Бул жерде экөөбүз чогуу уктадык. Түнү менен кызымдын колу-бутунан өөп чыктым. Эртең мененки 6да туруп, экөөбүз тоого чыктык. Ал мени видеого тартты. Чын дилиңден эңсеген нерсе аткарылат. Аны үйрөнүш керек. Мен силерге ушул нерсени үйрөткүм келет. Акча, бала өзү келет. Ал нерселер өздөрү келиши керек", - деп калтырган билдирүүсүн.
Белгилей кетсек, буга чейин Гүлзат Мамытбек балдарын көп жылдан бери көрө электигин айтып, жеке жашоосу тууралуу SUPER.KG порталына кенен маек берген. Ошондой эле балдарын кийинки жашоосу үчүн коё бергендигин да билдирген эле.