Эверестти багындырган Рысгүл Акимжанова өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди

Эверестти багындырган жеке ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова коомчулукка тарап жаткан өзү тууралуу айрым маалыматтарга жооп берди.
"Тик учак менен Эверестке учуп барып, кайра келсе болорун билбептирмин. Билсем ошондой кылмакмын. Тик укчак менен чокуга жетээрин непалдыктар да билишкен эмес экен, болбосо өлгөн кишилердин өлүгүн жайнатпай, жыйнап түшүшмөк экен", - деп билдирди альпинист айым.
Айта кетсек, социалдык баракчалардын айрым колдонуучулары бирдей жазылган текст менен билдирүү калтырып, таратышууда. Анда Акимжанова 6500 метр бийиктиктен түшүүгө тик учак колдонгону айтылды.
"6500 метрден 4 шерпаны ар бирин 2500 доллардан жалдап алып, алар Рысгүлдү сүйрөп аралыктын үчтөн бир бөлүгүн гана басып, кайра түшө албай калып, аны италиялык Симоне Море деген куткаруучу 6500 метрден тик учак менен алып түшүптүр. Ага дагы 10 миң доллар төлөп бергени белгилүү болду. Непалда альпинисттер бул айымдын мындай кылыгын шылдыңдап жатат. А бул болсо бүт кыргызды алдап, "тоону багындырдым" деп калп айтууда. Чыныгы альпинисттер 6500 метрге чейинки аралыкты дагы жөө өтүшөт", - деген текст активдүү таратылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан