Тарых жараткан дагы бир кыргыз айымы. Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырды 

Жеке ишкер, альпинист айым Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багындырды. Бул туурасында бүгүн, 27-майда анын жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, Акимжанова азыр 8848 метр бийиктикке ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.

"Бүгүн, 27-майда Непал убактысы боюнча саат 04:40та Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна (8848 метр) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти. Азыр ылдыйкы лагерлерге карай түшүп келе жатат, аман-эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз", - деп калтырган билдирүүсүндө.

Демек, Кыргызстандын тарыхында Эверестти багындырган экинчи кыргыз айымы Рысгүл Акимжанова болуп калды.

Эске салсак, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырган.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан