"Кыргыздар неге өнүкпөйбүз?"  Эверестти багындырган Акимжанова жалган маалымат тараткандарды сотко берерин билдирди

Эверестти багындырган жеке ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова коомчулукка ал тууралуу тарап жаткан маалымат жалган экенин белгилеп, аны тараткандарды сотко берерин билдирди.

"Бул маалымат боюнча жалган маалыматтарды тараткандарды сотко берем. Сот процессинде сот маалыматты тактоо үчүн расмий түрдө Непал мамлекетине жана сапарды уюштурган компанияга суроо-талап жөнөтөт. Анан мамлекетик деңгээлде териштирүү башталат.

Эч бир жерде айтылбаган, жазылбаган пилоттун "мен "именно" Рысгүл Акимжанованы ташыдым, мага 10 миң доллар берди, анан мага рахмат айтпай койду" деп айтты деген сөздөрү үчүн пилотту да, маалымат тараткандарды сотко берет. Эгерде пилот тик учак менен альпинистти кайсы бир бийиктикке таштаганы чын болсо, анда анын лицензиясы алынып, жумушунан кетет.

Тик учактык компания эбегейсиз штраф төлөп, ишмердүүлүгү жабылат. Капкаяктагы жок шерпалар жөнүндө да маалымат үчүн непалдык компания жооп берет. Бирок алар да жалган маалыматты тараткандарды сотко берет. Иши кылып "кашабыз" чыгып, даңкыбыз дүйнөгө тарайт окшойбуз.

Түнү менен биздин белгилүү эле эл сыйлаган эркектерибиз пилотко, компаниянын башчыларына чалып алып ар интриганы айтышып, баштарын оорутуп, аларды "шок" кылышыптыр. Алардын жоруктарын айтып, таң калып жатышат. Баарынан мени уялдырганы бир нече кишинин ички эмоциясынын айынан коңшу мамлекеттерге уят болуп жатабыз. Эми кошуналар калып, бүтүндөй Непалга уят болгону калдык.

"Дүйнө жүзүнө жеткен Эверестти бир кыргыз кызына кыргыздар ыраа көрбөй жатат. Тоолуу аймакта турушуп, 5 кыргыз Эверестке чыкса, аны да сиңире алышпайт. Анткени дүйнөлүк альпинисттик коом чоң эмес болгондуктан бири-бирин таанышат. Азыр Кыргызстандын альпинисттеринин репутациясын, ички маданиятын жана кыргыз коомчулугунун натурасын дүйнөлүк альпинизмдин ортосуна "ме көргүлө, кыргыздар ушундайбыз" деп таштап жатабыз.

Мени элдин сөзү эмес, башкалардын алдындагы намыс өлтүрүп жатат. Намыстанып өлдүм. Аларга кайра жууп-жайкап, "алар түшүнбөй калышкан го" деп "артис" болуп жатам намысымдан. "Кыргызмын!" деп сыймыктанып айткым келет, "ии, кыргыз элем" деп уялгым келбейт. Анткени ар бир альпинисттен Кыргызстан жөнүндө сурасаң билет, көбү Кыргызстанда болгон, баары жакшы сөздөр менен тоолорду, элди макташат. Алардын Кыргызстан боюнча элеси, пикири өтө сонун. Азырынча....

"Кыргыздар неге өнүкпөйбүз?" деп жер чапчый беребиз. Мындай кетиште дагы көпкө чейин эле өнүкпөйбүз. Бизге жакшы кабар, жакшы жаңылык, жакшы нерселер, өнүгүүлөр, колдоолор ысык келет экен көрсө. Жакшылыкты өзүбүзгө өзүбүз ыраа көрбөйт экенбиз, жакшылыкка, өнүгүүгө татыктуу боло албайт окшойбуз", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан