Дүйнөгө белгилүү актёр, каскадёр Жеки Чан карате боюнча кара курга ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк карате федерациясына (WKF) таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, салтанат Нью-Йоркто "Карате бала: Легендалар" тасмасынын жарнамалык кампаниясынын алкагында өттү. Актёрго курду WKF'нын башкы катчысы Тошихиса Нагура тапшырды.
"Карате дүйнөнүн ар түрдүү бурчтарында өзгөчө орду бар. Бул — тартипке үйрөткөн спорт түрү жана бүткүл дүйнөгө таанылган бренд. Каратенин эң сонун баалуулуктарын франшизадай таасирдүү жеткире алган адам аз. WKF менен тасманын биргелешкен өнөктүгү аркылуу биз бул баалуулуктарды даңазалап, жаңы муунга таанытууну көздөйбүз", - деген уюмдун президенти Антонио Эспинос.
Мындан тышкары кара курга америкалык актёр Ральф Маккио да ээ болгону айтылат.