Бүгүн, 7-апрелде дүйнөгө белгилүү актёр, каскадёр Жеки Чан 71 жашка толду. Анын чыныгы аты Чан Конг-Санг, 1954-жылы Гонконгдо төрөлгөн. Ал тасмаларда кооптуу трюктарды өзү аткарып, комедиялык жана акробатикалык күрөш стили менен өзгөчөлөнөт.
Жеки 7 жашында ата-энеси Австралияга иш издеп кеткен. Ошол убакта ал Гонконгдогу Кытай драма академиясына тапшырган. Бул мектепте ал 10 жыл бою сахна өнөрүн, анын ичинде акробатика, жекеме-жеке мушташ жана ырдоо боюнча билим алган.
Чан жаш кезинде Брюс Линин "Ачуулуунун муштуму" (First of Fury 1972) жана "Ажыдаардын келиши" (Enter the Dragon 1973) тасмаларында кичинекей ролдорду ойногон. Ал эми алгачкы ролун 1962-жылы "Чоң жана кичине Вон Тин Бар" ("Big and Little Wong Tin Bar") тасмасында жараткан.
Анын дүйнөгө таанымалдуулугу 1990-жылдардын аягында Голливуддагы ийгиликтеринен башталган. Белгилей кетсек, "Тыгылыш саат" (Rush Hour 1998) тасмасы атактуулукка алып келген алгачкы тасмаларына кирет. Өзүнүн узак жана ийгиликтүү карьерасында 150дөн ашуун тасмаларда роль жараткан.
Жеки Чан актёрлук карьерасынан тышкары музыкалык жаатта да активдүү эмгектенген. Ал 1980-жылдардан бери ар кандай тилдерде, анын ичинде кытай, жапон, англис жана кантон тилдеринде ырларды аткарып, бир нече альбом чыгарган.
Жеки Чан көптөгөн тасмаларынын саундтректерине да өзүнүн үнүн кошкон. Мисалы, "Тартип сакчынын окуясы" (Police Story) тасмасынын темалык ыры болгон "Баатырдын баяны" (Hero Story) чыгармасын аткарган. Анын музыкалык карьерасы Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндө да таанылган.
Актёрдун жазган эки автобиографиясы бар. Биринчи автобиографиясы – "Мен Жеки Чан: Кыймылдагы жашоом" (I Am Jackie Chan: My Life in Action) деп аталат. Мында Жеки Чандын балалык доорунан 1990-жылдардын аягына чейинки жашоосу баяндалат.
Негизги маалыматтар:
Эмнелер камтылган?
Бул китеп Жеки Чандын ачык-айкын, кээде тамашалуу, кээде илхам берүүчү жандуу баяндоосу менен окурмандарды өзүнө тартып турат. Тасмаларга жана экшн дүйнөсүнө кызыккандар үчүн абдан ылайыктуу. Негизги басым кино тармагындагы карьерасы, трюктар, таасир берген адамдар жана Голливуддагы ийгиликтерине жасалат.
Ал эми экинчи автобиографиясы – "Чоңойгум келбейт" (Never Grow Up) аталышында 2015-жылы кытай тилинде жарык көргөн. Англис тилине болсо 2018-жылы которулган. Китептин авторлору – Жеки Чан жана Жу Мо. Англисче которгон – Жереми Тианг.
Китептин мазмуну:
Китеп актёрдун ачык жана чынчыл баяндоосу менен, анын жашоосунун ар кандай кырларын көрсөтөт. Ал өзүнүн кемчиликтерин жана жетишкендиктерин чагылдырууда окурмандарга шыктандыруу берет. Негизги басым Жеки Чандын өзүн-өзү сыноо жана ички дүйнөсүн ачыктоо аркылуу башка өңүттөн таанытууга жасалган. Жеке жашоосуна кызыккандар үчүн, же инсан катары Жеки Чанды түшүнгүсү келгендерге ылайыктуу. Анын байсалдуу, сырдуу жактарын ачкан, чын ыкластуу, терең, таасирдүү китеп болуп саналат.
Китептеринде, айрыкча, экинчи автобиографиясында жеке жашоосу жөнүндө кенен жазылган, антсе да кыскача токтоло кетели.
Ал 1982-жылы тайвандык актриса Жоан Лин менен баш кошкон. Ошол эле жылы уулу Жейси Чан төрөлгөн. Жейси атасынын жолун жолдоп, актёр жана музыкант катары таанылган. Бирок 2014-жылы ал мыйзамсыз баңгизат сактоо айыбы менен камакка алынган.
1999-жылы Жеки Чандын "Мисс Азия" сулуулар сынагынын 1990-жылдагы жеңүүчүсү Элейн Нг менен болгон мамилесинен кызы Этта Нг Чок Лам төрөлгөн. Жеки Чан бул окуяны "көп эркектер кетирген ката" деп атап, кызы менен жакын мамиле түзгөн эмес. Этта финансылык кыйынчылыктарга көп кабылган жана 2017-жылы өзүнүн лесбиян экенин ачык билдирген.
Жеки Чан көп тилдерде сүйлөйт, анын ичинде кантон, англис жана америкалык жаңсоо тилдери бар. Ошондой эле ал футболго кызыгып, "Манчестер Сити" клубун колдойт.
Жеке жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан, Жеки кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, байлыгынын жарымын кайрымдуулук фонддоруна калтырууну пландаган. Анын маектеринин биринде: "Мен байлыгымды балдарыма эмес, кайрымдуулукка калтырам" , - деп айтканы бул маалыматты тастыктайт.
Жеки Чан өзүнүн эмгекчилдиги, таланты жана кайраттуулугу менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын сүймөнчүгүнө айланган. Айрым маектеринде "пенсияга чыгууну ойлонуп жатам" десе да, жаңы долбоорлорго катышып жүргөнү маалым. Ошондуктан ал түгөнбөгөн энергиянын символу бойдон калууда.