Өзгөндөгү келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Бишкек шаарынын тургуну Айбек Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган видеосу жарыяланды.
Бишкек ШИИББ билдиргендей, 30-майда милицияга социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Уланов Айбек аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү түшкөн.
Анда Айбек Уланов 26-майда Ош облусунун Өзгөн районунда мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин киши колдуу каза болгон аял тууралуу билдирүү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.
Аталган факты боюнча материалдар маалыматтардын электрондук реестрине катталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
30-майда 31 жаштагы У.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Белгилей өтсөк, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ажал тапкандыгы айтылган болчу. Учурда маркумдун жакындары окуя тууралуу айтышууда.