Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: Маркумдун агалары акыркы жагдайлар боюнча айтышты

26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ажал тапкандыгы айтылган болчу. Учурда маркумдун жакындары окуя тууралуу айтышууда.

Маркум Айзирек Эралиеванын бир тууган агасы Нуркамил Эралиев окуя тууралуу түндө укканын Турмуш.кж сайтына билдирген.

"Окуя бизге түнкү саат 02:00дө жетти. Мен жумуштан келип, үйдө жаткан болчум. Мындан кичүү карындашым менен күйөө балам чалып, "жол кырсыгы болду, тез келгиле" деп Өзгөндөгү ооруканага чакырышты. Барсак жол кырсыгы эмес экен, атып өлтүрүлүптүр.

Үйгө келсек тергөөчүлөр бар экен. Алар күйөө балам карындашымды атып салганын айтышты.

Турмуш кургандан кийин 1-2 жылдан соң бир жолу үйгө келип, 1-2 күн жүрүп кеткен.Ошондо күйөө бала келип, кайра алып кеткен. Барганда урган экен. Ошондо апама чалып, айткан экен. Апам барып кабар алып келген.

Кичүү кызынан сурасак, алар үйгө келгенден кийин "эшикке чыгып тургула" дептир. Балдарын сыртка чыгарып, уулун сарайга жөнөтүптүр. Уулу сарайда жүргөндө эки ирет ок атылган үн чыгыптыр", - деген агасы.

Ал эми маркум келиндин агасы Арапбай Мурзабаев мектептеги кече тууралуу төмөнкүлөрдү айтат.

"Экөө чогуу келишкен, биз карап турганбыз. Айзиректин классташтары менин жоро-жолдошторум болот. Анын башка балдар менен деле сүйлөшкөнүн көргөн жокмун. Мектепке келгенде күйөө бала менен сүйлөшкөнбүз.

Карындашыбызды коркутуп жүргөн экен. Бирок үйгө келип эч нерсе айтчу эмес. Классташ балдары коноктошмок. Өзүбүздүн туугандарыбыздын бири карындашыбызга "келесиңби, кетесиңби?" деп жазыптыр. Классташтар күйөө баланын кызганчаак экенин билишчү экен. Ошондуктан тууганыбызга "сен жаз" деп жаздырышчу экен. Эл ар кандай сөздөрдү айтып жатат, бирок карындашыбыз андай кыз эмес. Мурда эле күйөө баланын катуу кармаганын билчүбүз. Урганын болсо айтчу эмес. Менимче, коркутуп "айтпа" деп койчу окшойт", - деди ал.

Ал эми милиция окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан