Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөрүнүн алдында Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Анадолу басылмасы жазды.
Сүйлөшүүдө Эрдоган орус-украин лидерлеринин жолугушуусуна үмүт артарын билдирди.
"Сүйлөшүү маалында Түркия менен Украинанын эки тараптуу мамилелери, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды. Президент Эрдоган делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин лидерлер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр тынчтык процесси үчүн пайдалуу болоруна ишенимин билдирип, бул ишти кечиктирбей ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-июнда Стамбул шаарында Украина менен экинчи түз сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылган. Украина бул сунушту жалпы кабыл алганын, бирок сүйлөшүү алдында Орусиянын тынчтык боюнча шарттарын камтыган меморандум менен таанышкысы келерин билдирген.
"Орусия тарапта дагы төрт күн бар. Ошол убакыт аралыгында документти берип, биз ага алдын ала көз чаптыра алабыз. Украина дайыма конструктивдүү бойдон калат. Ар бир жолугушуу жыйынтык алып келиши керек, ошондуктан алар кылдат даярдалышы шарт", - деп жазды Украинанын делегация башчысы, коргоо министри Рустем Умеров X социалдык баракчасына.
Орусия тарап Украинадан келген мындай талапты "конструктивдүү эмес" деп баалады.
"Орусия дал ошол дүйшөмбүдө (2-июнда) Стамбулда жолугушуп, тынчтык долбоорлорун талкуулайлы деп сунуш кылган. Эми ошол документтерди алдын ала талап кылуу — бул конструктивдүү мамиле эмес. Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин так билдириши керек", - деди президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.