Орусия менен Украинанын ортосундагы кезектеги сүйлөшүүлөр Стамбулда 2-июнда болот. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин орусиялык басылмалар жазышууда.
"Орусия тарап макулдашылгандай, кризистин негизги себептерин ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча бардык аспектилерди камтыган, биздин позициябызды баяндай турган тийиштүү меморандумду ыкчам түрдө иштеп чыкты…
Владимир Мединский башында турган биздин делегация бул меморандумду украин делегациясына көрсөтүүгө жана керектүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр", - деген Лавров.
Чет элдик басылмалар бүгүн 28-майда АКШ Украинадан тынчтык келишиминин шарттарынын тизмесин алганын жазышты.