Парижде ПСЖнын жеңишинен кийин жүздөгөн адамдар кармалды

Жекшембиге караган түнү Парижде футболдук «Пари Сен-Жермен» ПСЖ клубунун Чемпиондор лигасынын финалындагы жеңишин майрамдоолор башаламандыкка айланып кеткенден кийин француз полициясы 300дөй адамды кармады. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды.

Айта кетсек, 31-майдан 1-июнга караган түнү Мюнхенде өткөн беттеште ПСЖ Италиянын «Интер» командасын 5:0 эсебинде жеңип, клуб тарыхында алгачкы жолу Европа клуб футболундагы эң кадыр-барктуу кубоктун ээси болду.

50 миңге жакын күйөрман Париждин борборундагы Елисей талаасына жана ПСЖнын үйү болгон "Парк де Принс" стадионунун айланасына чогулуп, беттешти көрүп, андан соң жеңишти майрамдашты.

Көпчүлүк күйөрмандар Париждин көчөлөрүндө ырдап, бийлешти. Ал эми Эйфель мунарасы ПСЖ клубунун түсүнө боёлду.

Чемпионат басылмасы жазгандай, 50дөй адам автобустун айнегин талкалап салышкан. Елисей талаасында автоунаа өрттөлсө, мындан тышкары, бут кийим дүкөнү талкаланган. Бул убакытта полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон.

Акыркы маалыматтарына караганда, Парижде жеңишти майрамдоо учурунда 294 киши камакка алынган.

Ал арада Франциянын президенти Эммануэль Макрон «Х» социалдык тармагында клубду жеңиши менен куттуктаган.

"ПСЖ үчүн укмуш күн! Браво, баарыбыз сыймыктанабыз. Бүгүн кечинде Париж Европа борборуна айланды", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан