Франциялык “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубу өз тарыхында биринчи жолу УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Турнирдин финалында ПСЖ Италиянын "Интер" командасын 5:0 эсебинде утуп алды.
"Биз оюнга жакшы кирдик, анан "Интерге" кайра оюнга киришине мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Мен командабыз менен сыймыктанам! Биз Париждин тарыхына атыбызды жаздык", - деген ПСЖнын башкы машыктыруучу Луис Энрике.
Финалдык беттеш 31-майдан 1-июнга караган түнү Мюнхенде өттү.