"Келиним кызымдай болчу." Мындай билдирүүсүн Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан 38 жаштагы келиндин кайнагасы эркин журналист Ыдырыс Искаовго маек берип жатып айтты.
Ал каргашалуу окуя болгон күнү Бишкектен барып инисинен кабар албастан, биринчи эле келининин жаназасына баргандыгын билдирди. Ошондой эле муркум жөнүндө жашып эскерди.
"Баарынын атынан топурак салып келдим. Башка аргам жок. Иниме тартып келинимди жамандабайм. Эркелеген келиним бар эле. Аны туугандары баары билет. Келиндин ата-энеси, жакындары менен жакшы катташып жүргөнбүз", - деп билдирди ал.
Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.