Кара-Кулжада 38 жаштагы аялдын өлүмү: Шектүү 2 айга камалды

Кара-Кулжа районунда аялынын өлүмүнө шектелип кармалган жаран райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, сот 29-майдагы токтому менен Кара-Кулжа РИИБинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Айыпталуучу А.Б.ны 27-июлга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ал ЖАКтын Ош шаарындагы №25-мекемесине жайгаштырылды.
Белгилей кетсек, 27-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ок жеп, каза болгондугу айтылган болчу. Шектүү ошол эле күнү кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан