Кара-Кулжада катталган каргашалуу окуя боюнча үй-бүлөнүн жакын кошуналары журналист Ыдырыс Исаковго интервью берип жатып, алар жакшы үй-бүлө болгонун, бардар жашоодо жашашканын айтып беришти.
"Ушунча жылдан бери кошуна болуп жашайбыз, бир да жолу уруш-талаш, кыйкырык деген нерсени уккан жокмун. Мал базарда иштейт эле, бирөө менен жаман айтышканын да көргөн эмесмин. Келин андан өткөн жакшы адам эле. Эми ушундай окуя болуп жатат.
Жашоосу жакшы, Портери бар, Нивасы бар, жеңил унаасы бар. Жылкы алып сатчу. Жакшы бала эле", - деген кошунасы.
Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.