Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келиндин атасы үн катты

Кара-Кулжада жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн келиндин атасы Махаммад Эралиев үн катты. Ал журналист Ыдырыс Исаковго интервью берип жатып кызынын бир да жолу арызданып келбегенин айтып берген.

"Кызым ОшТУда 3-курста окуп жүргөн кезде ошол жактан таанышып, баш кошушкан. Күйөө бала окутам деп убада берип, бирок кызымды окуткан жок. Кызым эч качан арызданып келбейт эле, ал жактагы сөздү бизге айтпайт болчу. Биздин үйгө дагы бир жылда же эки жылда бир келип, бир күн жатып кайра кетет эле. Ушунчалык жаман адам экен, биз аны сезбептирбиз. Айбандан бетер иш кылды", - деген ал.

Мындан сырткары, маркум аялдын атасы тиешелүү кызматтардан катаал жазаны суранган.

Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аял октон каза тапкан, анын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

2025.06.02
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан